Ислам Кызматташтык Уюму Жиддада чогулду

Тышкы иштер министри Хакан Фидан мусулман өлкөлөрдүн Палестина элине кепилдик бериши жана туруктуу тынчтыктын кепилдиги болушу керектигин белгиледи.

2052758
Ислам Кызматташтык Уюму Жиддада чогулду

Тышкы иштер министри Хакан Фидан мусулман өлкөлөрдүн Палестина элине кепилдик бериши жана туруктуу тынчтыктын кепилдиги болушу керектигин белгиледи.

Ислам Кызматташтык Уюмунун Ачык катышуу Аткаруу комитети бүгүн Израилдин Газадагы палестиналыктардын баарын бутага алган  кол салууларына байланыштуу чогулду.

Сауд Арабиянын Жидда шаарындагы жыйынга тышкы иштер министри Хакан Фидан да катышты.

Хакан Фидан жыйында  Палестина маселесине адилеттүү жана туруктуу чечим табуу үчүн мусулман өлкөлөрдүн жаңы ыкмалар жана конкреттүү кадамдарга муктаж экенине көңүлдөрдү бурду.

Бирге кыймыл кылуу зарылдыгын баса белгилеген Фидан Газада электр, күйүүчү май, тамак - аш жана суунун үзгүлтүккө учурашынын   жарандардын, мечит жана ооруканалардын бомбаланышынын эч кандай шартта акталбай тургандыыгн айтты.

Фидан мусулман өлкөлөрдүн Палестина элине кепилдик бериши жана туруктуу тынчтыктын гаранты катары иш алып баруусу керектигин белгиледи.

Жыйында Израилдин жарандарга кол салууларына каршы Ислам Кызматташтык Уюму  тарабынан таштала турган конкреттүү кадамдарга баа берилип, мүчө өлкөлөрдүн орток позициясын аныктоо маселеси каралды.

Жиддада  эки тараптуу жолугушууларды өткөргөн Хакан Фидан Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан жана Кувейттин тышкы иштер министри шейх Салим Абдуллах Аль-Кабир Эс-Сабах менен жолугушту.

 

 



Тектеш кабарлар