Эрдоган Грециянын премьер - министри менен сүйлөштү

Сүйлөшүүдө өзгөчө Израиль менен Палестинанын ортосундагы кагылышуулар жана аймактагы адам укуктарынын бузулушу сыяктуу көптөгөн тынчсыздандыруучу окуялар тууралуу пикир алмашылды.

2051828
Эрдоган Грециянын премьер  - министри менен сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Грециянын премьер-министри Кирякос Мицотакис менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө, өзгөчө Израиль менен Палестинанын ортосундагы кагылышуулар тууралуу көп темада пикир алмашты.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын социалдык медиа эсебинен берилген маалыматка караганда президент Режеп Таййип Эрдоган Грециянын премьер - министри Кирякос Мицотакис менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө өзгөчө Израиль менен Палестинанын ортосундагы кагылышуулар жана аймактагы адам укуктарынын бузулушу сыяктуу  тынчсыздандыруучу окуялар тууралуу пикир алмашылды.

Сүйлөшүүдө президент Эрдоган Түркиянын аймактык жана глобалдык масштабда  терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон бул кагылышуу процессин токтотуу үчүн бардык аракетин жасаганын жана мындан ары да уланта тургандыгын билдирди.

Аймактагы мамлекеттердин тынчтыкты сактоо менен  кагылышууларды жана адам укуктарын бузууларды токтотуу үчүн аракет кылышы керектигин жана бул багытта бүткүл дүйнөгө кабар бериши керектигин белгилеген Эрдоган, кагылышууну азайтуу үчүн мүмкүн болушунча эртерээк кадам таштоонун туура болоорун айтты.



Тектеш кабарлар