Түркия Газага гуманитардык жардам жиберди

Жардамдардын Египетке жеткендиги билдирилди.

2050512
Түркия Газага гуманитардык жардам жиберди

Түркиянын Газа тилкесине жиберген гуманитардык жардам жана карго Египетке жетти. 

Дипломатиялык булактар : "Түркия Газа тилкесине гуманитардык жардам жиберди.  Аскердик учактар менен жиберилген жардам Египетке барды. Материалдар Египеттен Газага жеткирилет",- деп билдиришти. 

Түрк Кызылайынын X эсебинен берилген маалыматта  учактын  Газа үчүн түрк жарандарынын колдоосу менен чогултулган жардамдарды ташыганы белгиленди.

Аскердик учак газалыктарга жардамды Улуттук Коргоо министрлиги менен Апаат жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу (AFAD) менен бирге жеткирет.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар