Йерликая: "Акыркы 4 айда жүргүзүлгөн операцияларда 309 террорист таасирсиз кылынды"

Али Йерликая медиа мекемелеринин Стамбулдагы өкүлдөрү менен жолугушту.

2050001
Йерликая: "Акыркы 4 айда жүргүзүлгөн операцияларда 309 террорист таасирсиз кылынды"

Ички иштер министри Али Йерликая, акыркы 4 айда жүргүзүлгөн операцияларда 309 террористтин таасирсиз кылынганын билдирди.

Али Йерликая Ички иштер министрлигинин медиа жыйындарынын алкагында медиа мекемелеринин Стамбулдагы өкүлдөрү менен жолугушту.

Министр Йерликая жыйналышта сүйлөгөн сөзүндө, акыркы 120 күндө 1132си шаарларда, 54598и айыл жерлеринде жүргүзүлгөн операцияларда, 38и өлү, 4ү жарадар, 208и тирүү, 59у багынып берген 309 террористтин таасирсиз абалга келгенин кабарлады.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта, Ирак жана Сириянын түндүгү менен бирге акыркы бир жумада жикчил террордук уюм ПКК/ПЙГга мүчө 252 террористтин таасирсиз абалга келтирилгени айтылды.

Быйыл жок кылынган террористтердин саны 1640ка, 2015-жылдын 24-июлунан бери 38 миң 983кө жеткени белгиленди.

Бир тараптан Улуттук Коргоо министрлигинин булактары, Сирияда Түркияга таандык учкучсуз учуучу аппаратты атып түшүргөн Америка учагынын Аданадагы Инжирлик базасынан абага көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу билдирүүлөрдү четке кагып: «Учактын Инжирликтен учуп кеткени толугу менен спекуляция. Мындай абал болушу мүмкүн эмес», - деп айтышты. Учак кайдан көтөрүлдү деген суроого да маалымат булактары «Учак Иорданиядан учкан» деп жооп беришти.



Тектеш кабарлар