Нуман Куртулмуш : "Дүйнөнүн тынчтыгы үчүн Палестина маселеси чечилиши керек"

Нуман Куртулмуш борбор шаар Анкарада Хажы Байрам Вели университетинин окуу жылынын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

2048953
Нуман Куртулмуш : "Дүйнөнүн тынчтыгы үчүн Палестина маселеси чечилиши керек"

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Нуман Куртулмуш Израиль менен Палестинанын ортосундагы кагылышуулардын акырына чыгарылышы жана тынчтыктын түзүлүшү керектигин айтты. 

Нуман Куртулмуш борбор шаар Анкарада Хажы Байрам Вели университетинин окуу жылынын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Куртулмуш 7 - октябрда башталган Израиль - Палестина кагылышуусуна токтолуп : "Жакынкы Чыгышта баарынын жашоого укуктуу, бир гана палестиналыктардын жашоо укугу жокпу? Жакынкы Чыгышта Израилдин жашоо укугу бар болуп,  Палестина мамлекетинин жашоо укугу жокпу? Бул кош стандарттардын жок кылынышы, эртерээк тынчтыктын кайрадан түзүлүшү шарт",- деди. 

Кагылышуулардын токтотулушун, адамзаттык жоготуулардын токтотулушун, эл аралык жамааттын жоопкерчиликтерин орундатуусун каалашкандарын баса белгилеген Куртулмуш : "Дүйнөлүк тынчтыктын каалгасы Жакынкы Чыгыштын тынчтыгы, Жакынкы Чыгыш тынчтыгынын каалгасы эркин Палестина түзүлгөнгө чейин Палестина доосу чечилиши керек",- деди.

Куртулмуш : "Израиль  -  Палестина кагылышуусунун акырына чыгышы үчүн Түркия катары бизге түшкөн милдетти аткарууга даярбыз",- деди. 

Маселелердин чечилишинде жетерсиз болгон БУУга да каршылык көрсөткөн Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери : "БУУ кагаз түрүндөгү уюм абалына келди",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар