Эрдоган атылган куралдуу учкучсуз учуучу аппараты тууралуу билдирди

Президент Эрдоган министрлер кеңешинин жыйынынан кийин ички жана тышкы күн тартибине баа берди.

2048583
Эрдоган атылган куралдуу учкучсуз учуучу аппараты тууралуу билдирди

Президент Режеп Таййип Эрдоган Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюмга карата жүргүзүлгөн операция учурунда АКШга таандык Ф  - 16 атып түшүргөн түрк куралдуу учкучсуз учуучу аппараты тууралуу : «Бул окуя улуттук аң  - сезимибизде калат жана убактысы келгенде керектүү чаралардын көрүлөрү талашсыз», - деди.

Президент Эрдоган министрлер кеңешинин жыйынынан кийин ички жана тышкы күн тартибине баа берди.

Эрдоган Ирак менен Сириянын түндүгүндө 1-октябрдан бери жүргүзүлгөн операцияларда 194 бутанын жок кылынгандыгын, 162 террористтин таасирсиз абалга келтирилгенин айтты.

"Бардык аталыштары жана уландылары менен (жикчил террордук уюм) ПККны толугу менен жок кылганга чейин чек ара тышы кыймылдарын улантуу Түркиянын мыйзамдуу укугу. Террордук уюм менен жакын карым  - катнашта болгон күчтөрдөн, операцияларыбызда зыян тартпашы үчүн аймактагы элементтерди террористтерден алыс кармоолорун талап кылабыз»,- деген Эрдоган Сириянын түндүгүндө өткөн жумадагы операциялар учурунда АКШга таандык Ф  - 16лар аткан түрк куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары тууралуу да : «Эч шек жок бул окуя улуттук аң – сезимибизде  калат жана убактысы келгенде керектүү чаралардын көрүлөрү талашсыз», - деди.



Тектеш кабарлар