Түрк аба жолдору Тель - Авив  жүргүнчүлөрүнө каттамдарын токтотуу укугун берди

Сөз болгон операцияларга байланыштуу кеңири маалыматты түрк аба жолдорунун «https://www.turkishairlines.com/tr-int/tel-aviv-seferlerini-icin-yolcu-haklari» дарегинен алууга  болот.

2047665
Түрк аба жолдору Тель - Авив  жүргүнчүлөрүнө каттамдарын токтотуу укугун берди

Түрк аба жолдору Хамастын куралдуу канаты Иззеддин Кассам бригадаларынын  блокада астындагы Газа тилкесинен Израилге карата кол салууларына байланыштуу  Тель - Авив  жүргүнчүлөрүнө учууну токтотуу жана кийинкиге калтыруу укугун берди.

Түрк аба жолдорунун  веб - сайтында жарыяланган билдирүүдө, Тель - Авив (TLV) каттамдарына таасир эткен окуялардан улам  түрк аба жолдору же AnadoluJetтин 7 - 9 - октябрдагы бардык Тель - Авив каттамдарына бүгүн жана мурда чыгарылган билеттер үчүн катталган жүргүнчүлөр акысыз токтотуу,  кийинкиге калтыруу жана резервацияларды  өзгөртүү укугун берди.

Билдирүүдө бул күндөрдө  Тель - Авивден келген жана учкан бардык түрк аба жолдору  же AnadoluJet каттамдары үчүн бекер акча кайтаруунун 9 - октябрь дүйшөмбүгө чейин жүргүзүлө турганы, билеттердин мөөнөтү эч кандай тариф айырмасы жок же 30 - ноябрга чейин узартылышы мүмкүн экендиги белгиленди.

Билдирүүдө сөз болгон операцияларга байланыштуу кеңири маалыматты түрк аба жолдорунун «https://www.turkishairlines.com/tr-int/tel-aviv-seferlerini-icin-yolcu-haklari» дарегинен алууга  боло тургандыгы белгиленди.

Ошол эле учурда Тель - Авивдеги Бен Гурион аэропортундагы маселелерден улам түрк аба жолдорунун каттамдары кармалууда.

 

 



Тектеш кабарлар