Волкер Түрк Куран Карим провокацияларына каршылык көрсөттү

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Түрк  Куран Каримге карата Курани Каримге карата жасалган агрессивдүү аракеттерди  четке кагаарын билдирди.

2046814
Волкер Түрк Куран Карим  провокацияларына каршылык көрсөттү

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Түрк  Куран Каримге карата жасалган агрессивдүү аракеттерди  четке кагаарын билдирди.

Түрк БУУнун Адам укуктары кеңешинин  54 -  сессиясынын негизинде  уюштурулган "Диний жек көрүүчүлүктүн түпкү себептери дискриминацияга, кастыкка же зомбулукка жана анын адам укуктарына тийгизген таасири"  аттуу интерактивдүү диалог сессиясында сөз сүйлөдү.

Адам укуктары кеңешинин июль айындагы сессиясында Куран Каримге жасалган кол салууларга байланыштуу чукул атайын жыйын өткөрүлгөнүн эске салган Түрк, андан бери кээ бир өлкөлөрдө Куран Каримди коомдук жайларда өрттөөнүн улантылып жаткандыгына көңүлдөрдү бурду. 

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Турк : "Курани Каримди өрттөөгөн,   агрессивдүү аракеттерди, өзгөчө зордук - зомбулукка жана бөлүнүп - жарылууга үндөгөн аракеттерди кескин түрдө четке кагам",- деди.  



Тектеш кабарлар