Фидан: «ПКК/ЙПГ мыйзамдуу бута»

Министр Фидан Түндүк Кипр Түрк Республикасынын тышкы иштер министри Тахсин Эртугрулоглу менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

2046293
Фидан: «ПКК/ЙПГ мыйзамдуу бута»

Тышкы иштер министри Хакан Фидан, жекшемби күнү борбор калаа Анкарада Ички иштер министрлигинин имаратынын алдындагы бомбалуу кол салуу аракетинде таасирсиз кылынган жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө террористтердин Сириядан келгендигин баса белгилеп: «ПКК/ЙПГнын көзөмөлүндөгү бардык жайлар эми мыйзамдуу буталар, үчүнчү тараптар бул объекттерден жана жеке адамдардан алыс болсун»,-деп эскертти.

Министр Фидан Түндүк Кипр Түрк Республикасынын тышкы иштер министри Тахсин Эртугрулоглу менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Түркиянын террор менен күрөшүүдөгү позициясынын так экенин белгилеген Фидан: «Бул акыркы окуядан кийин (Анкарадагы кол салуу) Сириядан эки террористтин келгени белгилүү болду. Ирак жана Сириядагы ПКК менен ЙПГга таандык бардык инфраструктура, суперструктура жана энергетика объектилери эми коопсуздук күчтөрүбүздүн, чалгындоо күчтөрүбүздүн, куралдуу күчтөрүбүздүн мыйзамдуу бутасы. Үчүнчү тараптарга ПКК-ЙПГ объектилеринен жана жеке адамдардан алыс болуусун сунуштайм»,-деди.

Тышкы иштер министри Түрк куралдуу күчтөрүнүн террордук кол салууга жообунун так болорун, жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын бул кол салуусуна өкүнөрүн кошумчалады.



Тектеш кабарлар