Гүлер: "Терроризмге каршы күрөшүбүз чечкиндүүлүк менен уланат"
Министр Гүлер Гебзе техникалык университетинин (GTÜ) 2023-2024-окуу жылынын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө, жекшемби күнү Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында болгон ийгиликсиз террор аракетине токтолду.
Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер, канкор террористтер бул аймактан жок болмоюнча террор менен күрөштүн улана турганын билдирди.
Министр Гүлер, Гебзе техникалык университетинин (GTÜ) 2023-2024-окуу жылынын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө, жекшемби күнү Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында болгон ийгиликсиз террор аракетине токтолду.
Баатыр полиция кызматкерлери дароо жооп кайтарып, 2 террористти жок кылганын эске салган Гүлер: «Бул кол салуу дагы бир жолу өлүм алдында жаткан чыккынчы террордук уюмдун акыркы чабалактоосун көрсөттү. Терроризмге каршы күрөшүбүз канкор террористтер бул аймактан жок болмоюнча чечкиндүүлүк менен уланат»,- деди.
Түркиянын эң маанилүү приоритетинин аймакта тынчтык жана ырааттуулукту камсыз кылуу экенин белгилеген Гүлер: «Бардык коңшуларыбыздын чек араларын урматтагандай эле, Ирак менен Сириянын аймактык бүтүндүгүн жактайбыз. Биздин жалгыз максатыбыз - аймакты тез арада террордук уюмдардан тазалоо»,-деп айтты.