Эрдогандан Илон Маскка билдирүү

Президент Эрдоган :«Сизди келерки жылы дүйнөнүн эң чоң авиация, космос жана технология фестивалы TEKNOFESTте көрүүнү каалайбыз».

2044339
Эрдогандан Илон Маскка билдирүү
elon musk teknofest.jpg
erdogan.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган келерки жылы TEKNOFESTке катыша тургандарын жарыялаган Tesla жана SpaceXтин башкы директору Илон Маскка : «Сизди келерки жылы дүйнөнүн эң чоң авиация, космос жана технология фестивалы TEKNOFESTте көрүүнү каалайбыз»,- деп жооп берди.  

Президент Эрдоган X социалдык медиа платформасынан Илон Масктын твиттеринен шилтеме кылып : «Сүйүктүү Илон Маск. Дүйнөнүн эң чоң авиациялык, космостук жана технология фестивалы TEKNOFESTте келерки жылы сизди да көрүүнү каалайбыз. Кызматташуу менен өлкөбүзгө жана адамзатка бир топ тармакта чоң салым кошорубузга ишенем. Кыска убакытта кайрадан жолугушуу тилеги менен»,- деди.

Маск да билдирүүсүндө президент Эрдоганга TEKNOFESTке чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип : «Кийинки жылы TEKNOFESTке жеке өзүм катышууну жана Түркиядагы инвестиция мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сүйлөшүүнү чыдамсыздык менен күтөм»,-деди.



Тектеш кабарлар