Анкарада Индия кызматташуусу күнү иш - чарасы өткөрүлдү

«Индия техникалык жана экономикалык кызматташтык күнүнүн» (ITEC күнү) 59 жылдыгы Индиянын Анкарадагы элчилигинде уюштурулган иш - чара менен белгиленди.

2044457
Анкарада Индия кызматташуусу күнү иш  -  чарасы өткөрүлдү

«Индия техникалык жана экономикалык кызматташтык күнүнүн» (ITEC күнү) 59 жылдыгы Индиянын Анкарадагы элчилигинде уюштурулган иш - чара менен белгиленди.

Иш -  чарага Индиянын Анкарадагы элчилигинин миссия башчысынын орун басары Алпана Дубей, (Түркия) Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Азия боюнча башкы директорунун орун басары Садин Аййылдыз, ITEC бүтүрүүчүлөрү жана көптөгөн коноктор катышты.

Бул жерде сөз сүйлөгөн Дубей : «Глобалдык түштүк өлкөлөрү Индия үчүн маанилүү өнөктөштөр, ITEC түштүк-түштүк кызматташтыгынын жакшы үлгүсү болуп саналат жана  өнөктөштөрүбүздүн муктаждыктарына жана артыкчылыктарына негизделген»,- деди.

Түркиянын 1964 - жылдан бери ITECтин өнөктөшү экендигин белгилеген Дубей, бүгүнкү күнгө чейин ITEC курстарынан ар башка кесиптеги 300дөн ашуун адамдын пайдалангандыгын  кошумчалады.

Түркия менен Индиянын ортосундагы техникалык, илимий, академиялык, маданий жана башка кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилеген Аййылдыз : "ITEC мындай кызматташтыктардын ийгиликтүү мисалы.  ITECтин Түркиядагы потенциалды жогорулатуу иштеринин жардамы менен көптөгөн мамлекеттик мекемелерден көптөгөн түрк етекчи  Индияда түрдүү тармактарда жана секторлордо билим алышты",- деди.  

1964-жылдан бери Индия өкмөтү тарабынан каржыланган ITEC программасынын алкагында Индия өнүгүү тажрыйбасын өнүгүп келе жаткан 161 өлкө менен бөлүшүүдө.

 

 



Тектеш кабарлар