Эрдоган АКШда ишкерлер менен жолугушту

Сөз сүйлөөсүндө Орто мөөнөттүү программага токтолгон Эрдоган, экономикалык реформалардын чечкиндүүлүк менен улана турганын айтты.

2040211
Эрдоган АКШда ишкерлер менен жолугушту

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын эл аралык инвесторлор үчүн коопсуз порт болуусун улантып жатканын баса белгиледи.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 78-Башкы Ассамблеясына катышуу үчүн Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарына барган Эрдоган Түрк-Америка Ишкерлер Кеңеши (TAIK) уюштурган кечки сый тамакта иш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту.

Сөз сүйлөөсүндө Орто мөөнөттүү программага токтолгон Эрдоган, экономикалык реформалардын чечкиндүүлүк менен улана турганын айтты.

Эрдоган түрк лирасынын чет элдик валюталарга карата күчтөнгөнүн белгиледи. Финансылык туруктуулукту баса белгилеген президент инвесторлорду Түркияга чакырды.

Президент: «Түркия саясий ырааттуулугу, билимдүү жумушчу күчү, жаш калкы, кеңири ички рыногу жана аймактык рынокторго жеткиликтүүлүгү, стратегиялык жайгашуусу жана заманбап логистикалык инфраструктурасы менен эл аралык инвесторлор үчүн коопсуз порт болууну улантууда. Бул позициябызды аймактагы өлкөлөр менен түзгөн тыгыз диалогубуздун негизинде дагы да бекемдейбиз»,-деп айтты.

Тышкы саясатка да токтолгон Эрдоган, Түркиянын Европа Биримдигине (ЕБ) мүчөлүк процессиндеги милдеттенмелерин аткарууну уланта турганын айтты.

Президент: «Алдыбызга коюлган тоскоолдуктарга жана 60 жылдан бери дуушар болгон адилетсиздиктерге карабастан, Евробиримдикке толук мүчө болуу максатыбызды дагы деле улантып жатабыз»,- деди.

Президент Эрдоган БУУнун 78 - Башкы ассамблеясындагы жолугушууларын аяктагандан кийин АКШдан жөнөп кетти.



Тектеш кабарлар