Эрдоган Ливияга көңүл айтты

Эрдоган аль-Менфи менен телефон аркылуу сүйлөштү.

2036560
Эрдоган Ливияга көңүл айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Ливиянын Президенттик кеңешинин төрагасы Мухаммед аль-Менфи менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө президент Эрдоган Менфиге Ливиядагы сел апаатына байланыштуу капа болгонун билдирип көңүл айтты.

Эрдоган апаат менен күрөшүүдө Түркиянын дос жана боордош Ливия элинин ар дайым жанында экенин жана жардамдардын улана турганын баса белгиледи.

Өлкөдө катуу шамал жана нөшөрлөп жааган жамгырдан улам пайда болгон селден миңдеген адамдар каза тапты.



Тектеш кабарлар