Ички иштер министри Али Йерликая азербайжандык кесиптеши менен жолугушту

Йерликая карым-катнаштарды өнүктүрүү үчүн бардык күч - аракетти жумшай тургандарын, кызматташууну жана тажрыйба алмашууну уланта тургандарын белгиледи.

2034621
Ички иштер министри Али Йерликая азербайжандык кесиптеши менен жолугушту

Ички иштер министри Али Йерликая Түрк мамлекеттер уюмунун (TМУ) апаат жана чукул кырдаалдардан жооптуу министрлеринин 2 - жыйынына катышуу үчүн барган Азербайжанда ички иштер министри Вилаят Эйвазов менен жолугушту.

Азербайжандын ички иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда Йерликая Түркия менен Азербайжандын аймактагы тынчтык жана ырааттуулукка олуттуу тоскоол болгон глобалдык көйгөйлөргө жана ар кандай уюмдашкан кылмыштарга каршы ар дайым орток позицияны карманышканын баса белгиледи.

Азербайжандын ылдам өнүгүүсүн жана өлкөдө жетишилген ырааттуулукту ыраазычылык  менен көрүп жатышканын белгилеген Йерликая, эки өлкөнүн тийиштүү мекемелеринин ортосундагы үзүрлүү кызматташтыкты жогору баалоо менен сөз кылды.

Йерликая карым-катнаштарды өнүктүрүү үчүн бардык күч - аракетти жумшай тургандарын, кызматташууну жана тажрыйба алмашууну уланта тургандарын белгиледи.

Эйвазов Азербайжандагы ырааттуулук чөйрөсүнүн маанисине көңүл буруп, тынчтыктын жана коопсуздуктун сакталышы менен өлкөнүн жарандарынын, чет элдик инвесторлордун, түрк ишкерлеринин да тынчтыкта ​​жашап жана иштөөсү үчүн ыңгайлуу шарттардын түзүлгөнүн белгиледи.

Түркиянын ички иштер министрлиги менен жандармерия күчтөрүнүн Азербайжан полициясы жана жандармериясынын өнүгүшүнө чоң салым кошконун эске салган Эйвазов, ушул себептен ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда жалпы кызыкчылыктар тууралуу темалар да талкууланды.



Тектеш кабарлар