Президент Эрдогандын сентябрь айындагы дипломатиясы

Эрдоган 4 - сентябрда Россиянын Сочи шаарында президент Владимир Путин менен жолугушат.

2032226
Президент Эрдогандын сентябрь айындагы дипломатиясы

Президент Режеп Таййип Эрдогандын сентябрь айындагы депломатиясы Россия менен башталат.

Эрдоган 4 - сентябрда Россиянын Сочи шаарында президент Владимир Путин менен жолугушат.

Эрдоган менен Путиндин жолугушуусундагы эң маанилүү күн тартиби Россия 17 - июлда чыккан Кара деңиз дан коридору келишими болот. Эки лидер келишимди калыбына келтирүү үчүн ташталышы мүмкүн болгон кадамдар тууралуу пикир алышат.

Россия  - Украина согушундагы акыркы абалдар да карала турган жолугушууда эки өлкөнүн карым - катнаштары, өзгөчө энергетика, соода, экономика жана туризм темалары каралат.

Президент Эрдоган бул айда эки эл аралык саммитке Түркиянын атынан  катышат.

 

Эрдоган 9-10-сентябрдагы Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитине катышуу үчүн Индиянын борбор шаары Делиге барат. Президент Эрдогандын «Бир дүйнө, бир үй-бүлө, бир келечек» темасы менен өткөрүлө турган саммитте глобалдык сооданын өнүгүүсүнө карай кадамдар, терроризм жана климаттык өзгөрүү менен күрөшүүдө эл аралык кызматташтык тууралуу билдирүү бериши күтүлүүдө.

Президент Эрдоган 17 - 21 - сентябрда Америка Кошмо Штаттарынын  Нью - Йорк шаарында өтө турган Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын  78 -  сессиясына катышат.

БУУнун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөй турган Эрдогандын биринчи кезекте Россия  - Украина согушу, Сирия, Палестина жана Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы (ТКТР) акыркы абалдар, терроризм менен күрөшүү, качкындар маселеси,  климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөш тууралуу темаларга орун бериши күтүлүүдө. 

Президент Эрдоган Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммити жана БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында көптөгөн мамлекет жана өкмөт башчылары менен да эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

 



Тектеш кабарлар