Акыркы бир аптада 44 террорист жок кылынды

Быйыл жок кылынган террористтердин саны 1146га жетти.

2031384
Акыркы бир аптада 44 террорист жок кылынды

Улуттук коргоо министрлигинде өткөрүлгөн пресс-брифингде, террор менен күрөшүүнүн алкагында жүргүзүлгөн операциялар тууралуу маалымат берилди.

Буга ылайык, акыркы бир жумада 44 террорист жок кылынды. Быйыл жок кылынган террорист саны 1146га жетип, 2015-жылдан бери жок кылынган террорист саны 38 миң 489 болду.

Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында ушул убакка чейин 600 террорист таасирсиз кылынды, 1336 курал жана болжол менен 667 миң ок-дары колго түшүрүлдү, 640 үңкүр-баш калкалоочу жайга операция жүргүзүлдү.

Акыркы бир жумада Сириядагы операция аймактарына террористтер тарабынан 3 жолу кысым көрсөтүү аракети жасалды.

Түрк аскерлеринин жооп кайтаруусу менен 31 террорист жок кылынды. Бир жылда жок кылынган террористтердин саны болсо 840ка жетти.

Мындан тышкары, 2023-жылы террористтер тарабынан операция аймактарына 96 жолу ок атылды. Түрк аскерлеринин жообу менен 744 террорист жок кылынды.

Бир тараптан ички иштер министри Али Йерликая жикчил террордук уюм ПККдан качкан 4 террористтин көндүрүү аракеттеринин натыйжасында коопсуздук күчтөрүнө багынып бергенин кабарлады.

Йерликая акыркы 90 күндө ынандыруу аракеттеринин натыйжасында багынып берген террористтердин саны 38ге жеткенин белгиледи.



Тектеш кабарлар