Түркия Габондогу кырдаалга байкоо салууда

Борбордук Африка өлкөсү Габондо бүгүн таң эрте улуттук телекөрсөтүү имаратына кирген аскерлерден турган топ башкарууну колго алышканын жарыялашкан.

2030999
Түркия Габондогу кырдаалга байкоо салууда

Түркия Габондо тынчтык жана ырааттуулуктун кайрадан орношун каалаганын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Габондогу окуяларды жакындан жана кылдаттык менен байкоодобуз, өлкөдө тынчтык жана ырааттуулуктун кайрадан орношун үмүт кылабыз»,-деген сөздөр камтылды.

Борбордук Африка өлкөсү Габондо бүгүн таң эрте улуттук телекөрсөтүү имаратына кирген аскерлерден турган топ башкарууну колго алышканын жарыялашкан.

Өздөрүн “Мекемелердин өткөөл жана калыбына келтирүү комитети” деп атаган аскерлер 26-августтагы шайлоонун жокко чыгарылганын жана өлкөнүн чек араларынын жабылганын билдиришкен.



Тектеш кабарлар