Президенттин башкы кеңешчиси Кылыч АКШ делегациясы менен жолугушту

Акиф Чагатай Кылыч социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.

2030795
Президенттин башкы кеңешчиси Кылыч АКШ делегациясы менен жолугушту

Президенттин башкы кеңешчиси, элчи Акиф Чагатай Кылыч борбор шаар Анкарада АКШ делегациясы менен жолугушту.

Акиф Чагатай Кылыч социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, Президенттик комплексте Америка Кошмо Штаттарынын Президентинин Глобалдык инфраструктура жана энергетикалык коопсуздук боюнча атайын координатору Амос Ж. Хочштейн, АКШнын Анкарадагы элчиси Жефф Флейк жана делегациясы менен жолугушканын билдирди.

Кылыч жолугушууда эки өлкөнүн карым-катнаштары жана аймактык темалар менен бирге энергетика жана инфраструктура темаларын сүйлөшкөндөрүн белгиледи.



Тектеш кабарлар