Стамбул туристтердин саны боюнча акыркы 10 жылдын рекордун жаңылады

Стамбулдун Облустук маданият жана туризм башкармалыгы маалымат берди.

2029968
Стамбул туристтердин саны боюнча акыркы 10 жылдын рекордун жаңылады

Июль айында 1 миллион 873 миң 97 кишини кабыл алган Стамбул акыркы 10 жылдын айлык эң көп турист санына жетти.

Стамбулдун Облустук маданият жана туризм башкармалыгынын маалыматына караганда, 2022-жылдын 7 айында Стамбулга 8 миллион 514 миң 806 чет элдик турист келди.

Турист саны бул мезгилде 15 пайызга өсүп 9 миллион 776 миң 635ке жетти.

Өткөн жылдын июль айында 1 миллион 759 миң 506 чет элдик туристти тосуп алган шаар быйыл июль айында 1 миллион 873 миң 97 чет элдик туристти кабыл алды.

Ушундайча июль айында келген чет элдик туристтердин саны өткөн жылга салыштырмалуу 6 пайызга өстү.

Өткөн айда болгондой эле июль айында Стамбулга келген 185 миң 636 турист менен орустар биринчи орунду ээледи.

Орусиядан кийин 135 миң 568 турист менен Германия, 135 миң 96 киши менен Сауд Арабия, 105 миң 41 турист менен АКШ, 97 миң 352 турист менен Иран, 69 миң 263 турист менен Франция, 69 миң 6 турист менен Англия, 51 миң 257 киши менен Ирак, 45 миң турист менен Кувейт, 854 киши менен Кувейт, 45 миң 257 турист менен Израиль жана 44 миң 273 турист менен Нидерландия орун алды.

Июль айында 196 өлкөдөн турист келген шаарды, Соломон аралдары, Түндүк Корея жана Папуа-Жаңы Гвинеядан бирден, Лаос менен Чыгыш Тимордон эки турист кыдырды.



Тектеш кабарлар