Түрк кемелери ТКТР портторуна барат

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Коопсуздук күчтөрү командирлиги маалымат берди.

2029670
Түрк кемелери ТКТР портторуна барат

Түркиянын согуштук кемелери 30-август Жеңиш майрамы жана Түрк куралдуу күчтөрү күнүнөн улам Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Газимагуса жана Гирне шаарларындагы портторго барат.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Коопсуздук күчтөрү командирлигинин (GKK) жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, TCG Бандырма корветинин Газимагуса, TCG Бартын корветинин да Гирне портуна бара турганы белгиленди.

Билдирүүдө: «2023-жылдын 30-августунда саат 10.00-17.00дө TCG Бандырма (F-502) корвети Газимагуса портунда, TCG Бартын (F-504) корвети болсо Гирне портунун жээгинде коомчулукка ачылат»,-деп маалымдалды.



Тектеш кабарлар