Эрдоган : "Биз Анадолуга Манзикерт (Малазгирт жеңиши) менен келген жокпуз"

Эрдоган Мушта өткөрүлгөн Манзикерт жеңишинин 952 жылдыгына карата өткөрүлгөн  программада сөз сүйлөдү.

2029440
Эрдоган : "Биз Анадолуга Манзикерт (Малазгирт жеңиши) менен келген жокпуз"

Президент Режеп Таййип Эрдоган : "Биз Анадолуга Манзикерт жеңиши (Малазгирт) менен келген жокпуз. Андан мурда да биз бул жерде элек",- деди. 

Эрдоган Мушта өткөрүлгөн Манзикерт жеңишинин 952 жылдыгына карата өткөрүлгөн  программада сөз сүйлөдү.

"Анадолуну биз үчүн мекен кылган бардык баатырларыбызды, шейиттерибизди, ардагерлерибизди  ыраазычылык менен эскерем»,- деген президент : "Султан Алпарсландын жана армиясындагы ар бир аскердин  бизге аманатка калтырган жерлерди каныбыздын акыркы тамчысына чейин коргоо чечкиндүүлүгүбүздү бул жерден дагы бир жолк жарыялайбыз. Манзикерт согушу жөн гана бир согуш жана жеңиш эмес экендигин эч качан унупоо керек",- деди. 

Эрдоган буларды айтты : "Биз Анадолуга Манзикерт (Малазгирт жеңиши) менен келген жокпуз. Андан мурда да биз бул жерде элек. Манзикерт Анадолудагы саясий эгемендүүлүгүбүздүн каалгасын ачты. Бул жерде жетилишген жеңиштен мурда Анадолу Селжуктук мамлекетинин курулушуна шарт түзүп крестүүлөр агымына чоң сокку урду. 

Андан кийин ошол эле ишенич менен желегин көтөргөн осмондуктун ийгиликтүү күрөшү менен Балкандардын жана Стамбулдун алынышына себеп болду. Башкача айтканда Манзикерт Изниктин да Коньянын да Бурсанын да Эдирненин да Стамбулдун да улуу агасы. Бул бизди Венага  алып барган жеңиш чынжырынын башталышы".

 

 



Тектеш кабарлар