Эрдоган : "Украинанын жеринин бүтүндүгүн жактаган позициябызды сактайбыз"

Президент Эрдоган 3 - Крым платформасынын лидерлер саммитине видео кайрылуу жөнөттү.

2028376
Эрдоган : "Украинанын жеринин бүтүндүгүн жактаган позициябызды сактайбыз"

Президент Режеп Таййип Эрдоган Крымдын аннексияланышын тааныбаган Түркиянын бул кадамдын мыйзамдуу эмес экендигин биринчи күндөн бери жактап келе жаткандыгын белгилеп : "Украиананын жеринин бүтүндүгү жана эгемендүүлүгүн жактаган позициябызды сактайбыз",- деди. 

Президент Эрдоган 3 - Крым платформасынын лидерлер саммитине видео кайрылуу жөнөттү.

Сөзүн Украинанын президенти Владимир Зеленский, мамлекеттик жана өкмөт жетекчилери, Крым татарларынын улуттук лидери Украина депутаты Мустафа Крымоглу, Крым татар түрк тектештерин жана башка катышуучуларга салам берүү менен баштаган Эрдоган Крым платформасынын үчүнчү саммитине видео билдирүү аркылуу менен да болсо катышуудан кубанычтуу экендигин айтты. 

Эрдоган Украинанын Байрак күнү жана Көз карандысыздык күнү менен куттуктап, Крым маселесин тынчтыкчыл жолдор менен   коргоо үчүн курулган бул платформанын Крым тууралуу жеткирүүнү каалаган билдирүүлөрүн күчтөндүрөөрүнө ишенгендигин баса белгиледи.

Президент Эрдоган сөзүн төмөнкүчө улантты : "Крымдын аннексиясын тааныбаган Түркия биринчи күндөн бери бул кадамдын мыйзамсыз экендигин жактап келет. Биз да Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин жактаган позициябызда турабыз.  Крымыбыздын Украинанын бир бөлүгү экендигин, БУУ башта болгон бардык платформаларда айтып жатабыз.   Крымдын түпкү элинен болгон татар түркү тектештерибиздин коопсуздук жана жыргалчылыгын камсыз кылуу алдыңкылыгыбыз.  

Крым татар улуттук парламентинин төрага орун басары Нериман Желал жана жолдошторунун бошотулушуна байланыштуу күтүүбүздү кайталаймын. Ар дайым айтканымдай согуштун жеңүүчүсү тынчтыктын жеңилгени болбойт. Бул түшүнүк менен эки жылга жакын убакыттан бери  болуп келе жаткан согуштун адилеттүү жана туруктуу бир тынчтык менен акырына чыгышы керектигин ойлойбуз. Бул процессте төгүлгөн кандын токтошу, кеминде тараптардын сүйлөшүү столуна даярданышы үчүн байланыш каналдарынын ачык болушу үчүн аракет кылуудабыз". 

Кара деңиз демилгесинин жандандырылышы үчүн иштерди  улантышарын билдирген Эрдоган, бул процессте Кара деңиздеги чыңалууну арттыра турган жана тынчтыкка зыян келтире турган ар бир кадамдан качуу керек экенине ишенгендерин айткан Эрдоган : "Тынчтыктын түзүлүшүн жеңилдетүү жана ортомчулук аракеттерибизди улантууда чечкиндүүбүз. Согуштун аякташы жана Кара деңиз аймагынын кайрадан тынчтык жана туруктуулукка жетиши бир гана аймакка эле эмес бүткүл дүйнөгө дем берет. Крым жана Украинанын жеринин бүтүндүгүнө колдообузду кайталап, аймагыбыздын эң кыска убакытта тынтыкка жетишин каалайбыз".

 

 



Тектеш кабарлар