Улуттук коргоо министрлиги маалымат берди

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда, акыркы бир жумада 67 террорист таасирсиз кылынды.

2025930
Улуттук коргоо министрлиги маалымат берди

Түрк куралдуу күчтөрүнүн жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга карай операциялары чечкиндүүлүк менен уланууда.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда, акыркы бир жумада 67 террорист таасирсиз кылынды.

Бир жылда жок кылынган террористтердин саны 1062 болду. 2015-жылдан бери жок кылынган террористтердин жалпы саны болсо 38 миң 405ке жетти.

Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн «Чеңгел-Кулпу» операциясында ушул аптада көп сандаган ар кандай ок-дарылар колго түшүрүлдү. Аныкталган 3 кампадан болжол менен 100 миң АК-47 ок-дары табылды.

Сирияда жашоонун нормалдашуусу, ырааттуулуктун тез арада түзүлүүсү жана сириялыктардын коопсуз чөйрөгө кайтуусу үчүн иш-аракеттер да уланууда.

Операция аймактарында быйылкы жылдын башынан бери 33ү акыркы бир жумада болуп 777 террорист таасирсиз кылынды.



Тектеш кабарлар