Террористтерге каршы күрөш уланып жатат
Улуттук Коргоо министрлиги маалымат берди.
![Террористтерге каршы күрөш уланып жатат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/9dd8/8e0a/8540/64ca16598ed0a.jpg?time=1718936133)
Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында жикчил террордук уюм ПККга мүчө дагы 3 террорист таасирсиз кылынды.
Улуттук Коргоо министрлигинен «Аскерлерибизди шейит кылган чыккынчыларды жоопко тартууну улантып жатабыз» деген билдирүүдө, Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында аныкталган дагы 3 ПКК террористинин абадан операцияда жок кылынгандыгы белгиленди.
Билдирүүдө: «Ушундайча аймакта кечээтен бери таасирсиз абалга келтирилген террористтердин саны 7ге жетти. Террористтер кайсы тешикке кирсе дагы кутула алышпайт»,-деген сөздөр камтылды.
«Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында шаршемби күнү кечинде ПКК мүчөлөрүнүн ок атуусунун натыйжасында 6 аскер шейит болгон.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718936133)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.