Йерликая: "60 күндө 172 террорист жок кылынды"

Йерликая Манисада өткөрүлгөн жыйындагы сөзүндө террор менен күрөшүүгө токтолду.

2020614
Йерликая: "60 күндө 172 террорист жок кылынды"

Ички иштер министри Али Йерликая акыркы 60 күндө 172 террористтин жок кылынганын билдирди.

Йерликая Манисада өткөрүлгөн жыйындагы сөзүндө террор менен күрөшүүгө токтолду.

Террорго каршы күрөштүн акыркы террорист жок кылынганга чейин чечкиндүүлүк менен улана турганын баса белгилеген Йерликая, ички иштер министри катары кызматына киришкенинин 62-күнүндө экенин айтып: «Акыркы 60 күндө жикчил террордук уюм (ПКК), ФЕТӨ, ДЕАШ жана ашынган сол террор уюмдары менен күрөшүүнүн алкагында жалпы 29 миң 32 операция жүргүздүк. Бул операцияларда 172 террорист таасирсиз кылынды, 540у камакка алынды»,-деди.



Тектеш кабарлар