Фидан: «Күчтүү Түркия – күчтүү Азербайжан, күчтүү Азербайжан – күчтүү Түркия»

Тышкы иштер министри Хакан Фидан борбор шаар Анкарада Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

2018262
Фидан: «Күчтүү Түркия – күчтүү Азербайжан, күчтүү Азербайжан – күчтүү Түркия»

Тышкы иштер министри Хакан Фидан: «Күчтүү Түркия – күчтүү Азербайжан, күчтүү Азербайжан – күчтүү Түркия»,- деди.

Фидан борбор шаар Анкарада Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөп:«Күчтүү Түркия – күчтүү Азербайжан, күчтүү Азербайжан – күчтүү Түркия»,-деп айтты.

Армения-Азербайжан карым-катнаштарына токтолгон Фидан, аймактык ырааттуулукка карай жолдун кеңири масштабдуу тынчтык келишиминен өткөнүн, бул үчүн Зангезур байланышынын ачылышынын чоң мааниси бар экенин айтты.

Лачын жолунун Азербайжандын жери экенин баса белгилеген Фидан:«Азербайджан керектүү деп эсептеген бардык чараны колдонот жана аны колдонуу анын эң чоң эгемен укуктарынын бири», - деди.

Түркия-Армения карым-катнаштарынын тоңушуна Армениянын Азербайжандын жерлерин басып алуусу себеп болгонун эске салган Хакан Фидан сөзүн мындайча улантты: «Оккупация иш жүзүндө бүтсө да, Азербайжан менен Армениянын ортосундагы чек ара келишими кызуу уланууда. Биз муну кылдаттык менен байкап жатабыз. Түркия катары биздин позициябыз Армения менен Азербайжандын ортосундагы келишимдерге жетишилгенден кийин президент Эрдогандын карым-катнаштарды жөнгө салууга эрки бар. Биз стабилдештирүү жана өнүктүрүү процессин мүмкүн болушунча тезирээк баштоону каалайбыз».

Түркия-Азербайжан энергетика кызматташтыгынын Европанын энергетикалык коопсуздугуна да салым кошконун белгилеген министр Фидан: «ТАНАП - Европанын маанилүү газ берүүчүсү болду»,-деди.



Тектеш кабарлар