Террор менен күрөшүү уланууда...

Коопсуздук күчтөрү террор менен күрөшүн өлкө ичинде жана чек араларда чечкиндүүлүк менен улантууда.

2017789
Террор менен күрөшүү уланууда...

Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККдан эки террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин (MSB) билдирүүсүндө,«Террорчулардын уюгун жер менен жексен кылууну улантуудабыз. Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясында аныкталган эки ПКК террористи Түрк куралдуу күчтөрүбүз тарабынан жок кылынды. Террорду булагында жок кылуу үчүн умтулуудабыз жана чечкиндүүбүз»,деген сөздөр камтылган.

Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 12 террорист жок кылынды.

Коопсуздук күчтөрү террор менен күрөшүн өлкө ичинде жана чек араларда чечкиндүүлүк менен улантууда.

Улуттук Коргоо министрлигинин социалдык медиа эсебинде жасалган билдирүүдө төмөнкү сөздөр орун алды:«Баатыр Мехметчик (түрк аскери) Сириянын түндүгүндө террористтерге каршы күрөшүн эффективдүү жана чечкиндүү түрдө улантууда. Евфрат калканы аймагына ок чыгарган 12 ПКК/ЙПГ террористи ийгиликтүү операцияда жок кылынды».



Тектеш кабарлар