Эрдоган Стамбулда коргоо өнөр жай жарманкесинин жабылыш аземинде сөз сүйлөдү
Президент Эрдоган: «Коргоо өнөр жай тармагында басып өткөн аралык – бул биздин таянычыбыз, илхам булагыбыз жана эмне кыла аларыбыздын жарчысы»,-деди.
![Эрдоган Стамбулда коргоо өнөр жай жарманкесинин жабылыш аземинде сөз сүйлөдү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/fb7f/7b94/1c8f/64c3afbe60339.jpg?time=1718923818)
Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Коргоо өнөр жайында жаңы кадамдарды жасаган, секторго багыт берген жана алдыңкы технологияга ээ жаңы продукциялар менен бүткүл дүйнөнүн назарында болобуз»,-деди.
Президент Эрдоган Стамбулда өткөрүлгөн IDEF'23 16-Эл аралык коргоо өнөр жай жарманкесинин жабылыш аземинде сөз сүйлөдү.
Президент Эрдоган: «Коргоо өнөр жай тармагында басып өткөн аралык – бул биздин таянычыбыз, илхам булагыбыз жана эмне кыла аларыбыздын жарчысы»,-деди.
Коргоо өнөр жайында белгилүү бир баскычка жеткирилген долбоорлорду ылдамдата тургандарын билдирген Эрдоган: «Биз тармактын муктаждыктарын аныктап, уникалдуу чечимдерди иштеп чыгабыз»,-деп айтты.
Президент Эрдоган: «2002-жылы коргонуу тармагында 57 гана ишканабыз иштесе, бүгүнкү күндө бул сан канча экенин билесизби? 2500»,- деди.
Коргоо өнөр жайындагы мүмкүнчүлүктөрдүн дос жана боордош өлкөлөр менен бөлүштүрүлөөрүн белгилеген Эрдоган: «Коопсуздук сыяктуу өтө маанилүү маселени өлкөлөр ортосундагы коркунуч жана кысымдын элементи катары колдонуу туура эмес»,- деди.
Президент Эрдоган: «Алдыбыздагы мезгил үчүн максатыбызды экспортту көбөйтүү аркылуу коргоо өнөр жайынын экосистемасын чыңдоо деп аныктадык»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718923818)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.