Түркия БУУда мыйзам долбоорунун кабыл алынышына ыраазы

Тышкы иштер министрлиги, БУУнун Башкы ассамблеясынын чечими тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.

2016602
Түркия БУУда мыйзам долбоорунун кабыл алынышына ыраазы

Түркия, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясында ыйык китептерге карата кол салууну эл аралык укуктун бузулушу катары тааныган жана мындай аракеттерди катуу айыптаган резолюция долбоорунун кабыл алынышын кубаттады.

Тышкы иштер министрлиги, БУУнун Башкы ассамблеясынын ыйык китептерге карата кол салуу аракеттерин эл аралык укуктун бузулушу катары караган чечими тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.

Билдирүүдө: «Биз БУУнун Башкы ассамблеясынын 2023-жылдын 25-июлундагы ыйык китептерге карата бардык кол салуу аракеттерин эл аралык укуктун бузулушу катары караган, өлкөбүз да биргелешип сунуштаган резолюцияны кубаттайбыз»,-деп айтылды.

Бул чечимдин акыркы убакта Швеция, Дания жана Нидерландияда полициянын коргоосу астында Курани Каримдин өрттөлүшүнө уруксат берилишине каршы маанилүү экени белгиленген билдирүүдө, «Миллиарддаган мусулмандарды таарынткан мындай жек көрүүчүлүк кылмыштарына каршы эл аралык коомчулуктун чечкиндүү аракет кылышы маанилүү» деген баа берүү камтылды.

Билдирүүдө Түркиянын исламофобия менен күрөшүүдө өз милдеттерин аткарууну уланта турганы баса белгиленди.

25-июлда БУУнун Башкы ассамблеясында ыйык китептерге кол салууну эл аралык укуктун бузулушу катары тааныган жана мындай аракеттерди кескин айыптаган резолюция долбоору кабыл алынган.



Тектеш кабарлар