Түркиянын террор менен күрөшүүсү тынымсыз уланууда

Нусайбинде бир аялдын шектүү жүрүм-туруму тууралуу маалымат боюнча шектүү кирген жерге барып, өздүгүн тактагысы келген полиция кызматкерлерине куралдуу кол салуу болду.

2016317
Түркиянын террор менен күрөшүүсү тынымсыз уланууда

Мардиндин Нусайбин районунда полицияга кол салган жикчил террордук уюм ПКК мүчөсү террорист аял таасирсиз кылынды.

Нусайбинде бир аялдын шектүү жүрүм-туруму тууралуу маалымат боюнча шектүү кирген жерге барып, өздүгүн тактагысы келген полиция кызматкерлерине куралдуу кол салуу болду.

Полиция топтору кол салуудан жаракат албастан аман калды жана окуя болгон жерге жиберилген атайын операция топтору тарабынан жүргүзүлгөн операцияда ПККлык аял террорист таасирсиз кылынды.

Турак жайда жүргүзүлгөн тинтүү учурунда; 2 даана үн өчүргүч, 2 даана тапанча, 2 даана граната, 4 даана толтуралган тапанчанын ок-дарылары, 20 даана гильзалар жана уюштуруу документтери колго түшүрүлдү.

Алынган документтерди кароодо Нусайбин районундагы мамлекеттик мекемелер, уюмдар жана кызматкерлер үчүн көптөгөн чалгындоо иштери тууралуу жазуулар алынды. Нусайбинге сенсациялуу иш-аракет жасаганы аныкталган ПКК террористинин ким экенин аныктоо боюнча изилдөөлөр уланууда.

Бир тараптан Стамбулда сенсация жараткан 2 ПКК террористи кармалды.

Сирия жана Иракта операция жасаганы аныкталган террористтерге карата соттук териштирүүлөр уланууда.



Тектеш кабарлар