Президент Эрдоган Кипрдын Тынчтык жана эркиндик майрамында сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган БУУнун трибунасынан бүткүл дүйнөгө салган тарыхый чакыруусун кайталады жана «Түндүк Кипр Түрк Республикасын эртерээк тааныгыла»,- деди.

2014400
Президент Эрдоган Кипрдын Тынчтык жана эркиндик майрамында сөз сүйлөдү
erdogan kktc1.jpg
erdogan kktc.jpg

 Президент Режеп Таййип Эрдоган БУУнун трибунасынан бүткүл дүйнөгө салган тарыхый чакыруусун кайталады жана «Түндүк Кипр Түрк Республикасын эртерээк тааныгыла»,- деди.

Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар менен борборш шаар Лефкошада өткөн  20  - июль Тынчтык жана эркиндик майрамынын расмий аземине катышып сүйлөгөн сөзүндө 1963 – 1974 -  жылдарынын Кипр түрктөрү үчүн кан, көз жашы жана кыргын жылдары болгондугун бирок түрк улутунун зулумдарга эч качан моюн сунбагандыгын айтты.

Эрдоган Түркиянын кепилдик келишиминен жаралган укук жана милдеттерининалкагында баатыр Мехметчик аралга кирген1974 – жыл 20 -июль күнү Кипр түркүнүн эч качан жалгыз эмес экендигин жана түрк улутун баш ийдирүү мүмкүн эместигин дүйнөгө дагы бир жолу көрсөткөндүгүн айтты.

Эрдоган : «20 -июль Кипр түрк калкынын тынчтыкты жактаган, эгемендүүлүк укуктарынын жана тең укуктуу статусунун сакталышынын символу»,- деди.

Кипр рум башкаруусунун жасаган мыкаачылыктарын жана кыргындарын дүйнөдөн жашырууга аракет кылганын белгилеген Эрдоган : "Бирок алар эмне кылышса кылышсын максаттарынажете алышпайт. Биз бул жерлерде жасалган кыргындарды унутпайбыз жана унуттурбайбыз. Дүйнөнүн да унутушуна эч качан уруксат бербейбиз",- деди.

«Кандай жагдай болбосун, кипрлик түрктөрдүн тең эгемендүүлүгүн жана тең эл аралык статусун ырастоо аракетибизден кайтпайбыз»,- деген Эрдоган : «Шарттар эмне болсо болсун Кипр түрктөрүнүн тең укуктуулугунун жана теңукуктуу эл аралык статусунун аныкталышына карата аракеттерибизден артка кайтпайбыз. Аракеттерибизди мыйзамсыз, изоляция жана эмбаргонун жоюлушу максатында чечкиндүүлүк менен улантылат»,- деди.

Аралдын байыркы жана негизги элементи болгон Кипр түрктөрүн көрмөксөнгө салуу мүмкүн эмес деген Эрдоган : «Ушундан улам Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын трибунасынан бүткүл дүйнөгө жасаган тарыхый чакырыгымды кайталайм, мындан ары аралдагы фактыларга артыңарды салбагыла жана мүмкүн болушунча эртерээк Түндүк Кипр Түрк Республикасын тааныгыла»,-деди.

Президент Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы жолугушууларынан кийин Түркияга кайтып келди.



Тектеш кабарлар