Түркия Түштүк Кореяга көңүл айтты

Тышкы иштер министрлиги Түштүк Кореяда болгон сел жана жер көчкү боюнча билдирүү жасады.

2012946
Түркия Түштүк Кореяга көңүл айтты

Түркия Түштүк Кореядагы сел жана жер көчкү кырсыктарында каза болгондорго көңүл айтып, жаракат алгандардын тез айыгып кетишин каалады.

Тышкы иштер министрлиги Түштүк Кореяда болгон сел жана жер көчкү боюнча билдирүү жасады.

Билдирүүдө : «Корея республикасында катуу жамгыр жаашы жол ачкан сел жана жер көчкү апааттарында адамдар каза болуп, мал  - мүллкө зыян келгедиги билдирилди. Каза болгондордун жакындарына жана дос Корея калкы менен өкмөтүнө көңүл айтабыз. Жаралуулардын бат айыгып кетишин каалабыз»,- деп айтылды.  

Түштүк Кореяда акыркы бир жумада нөшөрлөгөн жамгырдан улам пайда болгон сел жана жер көчкүдөн  каза болгондордун саны 40ка жетти.

Кырсыктан жабыркаган имараттардын саны 1000ден ашып анын ичинен 139 турак жайлар.



Тектеш кабарлар