Шимшек Йеллен менен жолугушту

Жолугушууда Шимшекти Түркия Республикасынын Борбордук банкынын (ТРББ) төрагасы Хафизе Гайе Эркан коштоп жүрдү.

2012514
Шимшек  Йеллен менен жолугушту

Казына жана каржы министри Мехмет Шимшек Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) казына министри Жанет Йеллен менен жолугушту.

Индияда өткөрүлгөн Чоң жыйырмалыктын жыйындарында Түркияны өкүлдүк кылган Шимшек ал жердеги жолугушууларынын алкагында АКШнын казына министри Йеллен менен делегациялар арасында жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Шимшекти Түркия Республикасынын Борбордук банкынын (ТРББ) төрагасы Хафизе Гайе Эркан коштоп жүрдү.

АКШнын Каржы министрлигинен берилген маалыматта Йеллендин Шимшек жана Эркан менен Түркиянын экономикалык көз карашын жана саясат багытын сүйлөшкөнү билдирилди.

Жолугушууда Түркия менен АКШнын, анын ичинде Чоң жыйырмалыктын алкагында глобалдык экономикалык көйгөйлөрдү чечүү жана эки өлкөнүн экономикасындагы гүлдөп-өнүгүүнү арттыруу үчүн кантип биргелешип иштей ала турганы да белгиленди.

Мехмет Шимшек Жанет Йеллен менен жолугушкандан кийин сүйлөшүүнү улантты.

Шимшек Дүйнөлүк банктын төрагасы Аджай Банга, Сингапурдун вице-премьер-министри жана каржы министри Лоуренс Вонг, Европа комиссиясынын экономика комиссары Паоло Жентилони, Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын (ЕБРР) төрагасы Одил Реноуд-Бассо жана Канаданын каржы министри Кристиа Фриланд менен да жолугушту.



Тектеш кабарлар