Украинанын президенти Владимир Зеленский бүгүн Түркияга келет

Вахдеттин сарайында өтө турган жолугушуудан кийин биргелешкен маалымат жыйындын өткөрүлүшү күтүлүүдө.

2008105
Украинанын президенти Владимир Зеленский бүгүн  Түркияга келет

Украинанын президенти Владимир Зеленский президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен бүгүн Стамбулга келет.

Сапардын алкагында президент Эрдоган менен Украинанын президенти Зеленский жекеме-жеке жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрөт.

Жолугушууда Россия  - Украина согушуна байланыштуу акыркы абалдар, мөөнөтү 17 - июлда аяктай турган Дан коридору келишими жана эки өлкөнүн карым-катнаштары талкууланат.

Вахдеттин сарайында өтө турган жолугушуудан кийин биргелешкен маалымат жыйындын өткөрүлүшү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар