Түркия калкынын саны менен 18 - орунда

Түркия  85 миллион 279 миң 553 калкы менен 194 өлкөнүн арасында 18-орунду алды.

2008030
Түркия калкынын саны менен  18 -  орунда

Түркия  85 миллион 279 миң 553 калкы менен 194 өлкөнүн арасында 18-орунду алды.

Дүйнө калкынын саны 1999 - жылы 6 миллиардга, 2011-жылы 7 миллиардга, 2022-жылы 8 миллиардга жеткени болжолдолууда.

БУУнун калк санын болжолдоолоруна караганда  2022 -  жылы эң көп калк санына ээ өлкө 1 миллиард 425 миллион 887 миң 337 киши менен Кытай, бул өлкөдөн 1 миллиард 417 миллион 173 миң 173 киши менен Индия жана 338 миллион 289 миң 857 киши менен Америка Кошмо Штаттары келди. Бул 3 мамлекет дүйнө калкынын 39,9 пайызын түзүүдө.

Түркия 85 миллион 279 миң 553 калкы менен 194 өлкөнүн арасында 18 - орунда жана жалпы дүйнө калкынын 1,1 пайыздык үлүшүн түзүүдө.

Түркиянын бала саны боюнча 26,5 пайыз менен Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн бала саны боюнча  көрсөткүчтөрүнөн жогору экендиги байкалды. Түркиянын жаш калкынын катышы 15,2 пайыз менен Европа Биримдигине  мүчө 27 өлкөнүн жаш калкынан жогору экендиги белгиленди.

Түркиянын улгайган калкынын катышы 9,9 пайызды түздү, бул Европа Биримдигине мүчө 27 өлкөнүн улгайган калкынан төмөн.



Тектеш кабарлар