Тогг унаалары Түркмөнстанга азем менен тапшырылды

Унаалар Аркадаг акылдуу шаарынын ачылыш аземинде берилди.

2005541
Тогг унаалары Түркмөнстанга азем менен тапшырылды
togg turkmenistan2.jpg
togg turkmenistan1.jpg
togg turkmenistan.jpg

Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Качыр жана Тогг делегациясы Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухаммедовго Памуккале травертиндери деп аталган эки ак унааны азем менен тапшырышты.

Унаалар Аркадаг акылдуу шаарынын ачылыш аземинде берилди.

Бердымухамедов Тоггдун T10X үлгүсүндөгү унаасын сынап, унааны абдан жактыргандыгын айтты.

Аттчан аскерлердин кортежине Тогг унаалары да катышты.

Аземге эки башка Тоггдун аземге абдан жактырылып, президент Режеп Таййип Эрдоганга да ыраазычылык билдирилди.

Министр Качыр сүйлөгөн сөзүндө бир акылдуу шаардын ачылуу аземинде түрк инженерлери чыгарган акылдуу аппараттар болгон Тогг унааларын сунуштоонун маанилүү экендигине көңүлдөрдү буруп : «Азербайжан жана Казакстандан кийин Түркмөнстанга да ТОгг унааларын  тапшыруудан сыймыктанып жатабыз. Аземде президентибиздин да жеке аты аталды жана Тогг унааларыбыз да аземге катышты. Бул да биз үчүн өзүнчө бир кубанычтуу окуя болду. Алдыдагы  мезгилде Тогг унаалары бир гана Түркияда эле эмес, башта түрк республикалары жана боордош өлкөлөр менен бирге бүткүл дүйнөдө жактырылат».



Тектеш кабарлар