Эрдогандын Швецияга каршы чыгуусу

Эрдоган өзү төрагасы болгон Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) уюмдары менен майрамдашуу программасына түз байланыш аркылуу катышты.

2005323
Эрдогандын Швецияга каршы чыгуусу

Президент Режеп Таййип Эрдоган Швецияда Куранга кол салууга катуу каршы чыгып, пикир эркиндигине жамынып ага жол бергендер да, бул ыпылас жосунга көз жумгандар да максаттарына жетпей турганын айтты.

Эрдоган өзү төрагасы болгон Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) уюмдары менен майрамдашуу программасына түз байланыш аркылуу катышты.

Эрдоган полициянын коргоосу астында Ислам жана адамзат душмандары тарабынан жасалган провокацияларга токтолуп:«Айттын биринчи күнүндө Швецияда ыйык китебибиз Куранга жасалган ыпылас кол салуу алардын бири. Бул кылмышты жасагандар сыяктуу эле пикир эркиндигине жамынып жол бергендер да, бул ыпыластыкка көз жумуп койгондор да максатына жетпейт. Түркия катары провокация саясатына да, коркутуу саясатына да ийилбей турганыбызды билишин каалайм»,-деди.

Террордук уюмдар жана исламофобия менен чечкиндүү түрдө күрөшкөнгө чейин реакцияларын эң күчтүү түрдө көрсөтө тургандарын баса белгилеген Эрдоган: «Биз мусулмандардын ыйыктарын кемсинтүү пикир эркиндиги эмес экенин Батыштын текеберлик турумдарына акыры үйрөтөбүз»,-деп айтты.

Швециянын борбору Стокгольмдо теги ирактык Салван Момика Стокгольм мечитинин алдында полициянын коргоосунда Куранды өрттөгөн.



Тектеш кабарлар