Швецияда Курандын өрттөлүшүнө каршы чыгуулар...

Тышкы иштер министри Хакан Фидан жана Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) төрага орун басары жана басма сөз катчысы Өмер Челик социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө Швециядагы Куран провокациясын айыпташты.

2005050
Швецияда Курандын өрттөлүшүнө каршы чыгуулар...
ömer çelik.jpg

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Швециядагы Куран провокациясын айыптады.

Бул тууралуу Фидан өзүнүн Twitter баракчасынан билдирүү бөлүшүп: «Курман айттын биринчи күнүндө Швецияда биздин ыйык китебибиз Курани Каримге каршы жасалган жийиркеничтүү аракетти айыптайм! Сөз эркиндигин шылтоолоп, исламга каршы мындай аракеттерге жол берүү кабыл алынгыс. Мындай жийиркеничтүү иш-аракеттерге жол берүү кылмышка шериктеш болуу дегенди берет»,-деди.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) төрага орун басары жана басма сөз катчысы Өмер Челик социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө: «Биз Швеция бийлигинин Куран айт майрамында мечиттин алдында Куранды өрттөп жиберүү арызын жактырышын айыптайбыз. Швециянын Жогорку сотунун жек көрүүчүлүк кылмыштарын коргогон позициясын катуу айыптайбыз. Мурда да айтканыбыз сыяктуу Курани Каримди сыйлабастык  адамзатка каршы кылмыш болуп эсептелет. Биз бул каргыш тийген аракеттерге каршы бардык саясий жана укуктук негиздер менен эң күчтүү түрдө күрөшүүнү улантат»,-деп айтты.

Швециянын борбору Стокгольмдо теги ирактык Салван Момика Стокгольм мечитинин алдында полициянын коргоосунда Куранды өрттөп жиберди.



Тектеш кабарлар