Түркиянын ЕКПАнын отчетуна каршы чыгуусу

Отчетто Түркиянын 2016-жылдын 15-июлунда чыккынчылык төңкөрүш аракетин кылган Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) менен күрөшү бутага алынып, ФЕТӨ тезистери орун алды.

2004323
Түркиянын ЕКПАнын отчетуна каршы чыгуусу

Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясы (ЕКПА) англиялык депутат тарабынан даярдалган чуулгандуу Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) отчетун жактырды.

Отчетто Түркиянын 2016-жылдын 15-июлунда чыккынчылык төңкөрүш аракетин кылган Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) менен күрөшү бутага алынып, ФЕТӨ тезистери орун алды.

Түркия чуулгандуу отчетко кескин каршы чыкты.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Нуман Куртулмуш социалдык медиа эсебинен Түркиянын ФЕТӨгө каршы мыйзамдуу күрөшүн бутага алган ЕКПАнын чечимин кабыл албаганын билдирди.

ЕКПАнын миссиясынын «демократияларды колдоо» экенин баса белгилеген Куртулмуш: «Өлкөбүзгө басып кирүүгө аракет кылган путчист-террорчуларды эч кимдин же мекеменин актоого акысы жок. Түркиядагы демократия баасы эң оор төлөнгөн чыныгы жана жетилген демократия. Өлкөнү ар кандай антидемократиялык чабуулдардан коргой турган күчү бар»,-деп айтты.

Отчеттун бекитилишине социалдык медиа эсебинен жооп берген Вице-президент Жевдет Йылмаз:«Мен британиялык депутаттын ЕКПАда даярдаган, өлкөбүздүн төңкөрүшчү террористтерге каршы мыйзамдуу күрөшүн бутага алган баяндамасынын жактырылышын айыптайм. ЕКПАнын миссиясы путчист террористтерди мыйзамдаштыруу эмес, демократияны күчтөндүрүү»,- деди.

Адилет министри Йылмаз Тунч да Твиттердеги билдирүүсүндө, отчеттун бекитилишин «демократиянын атына кара так» деп баалады.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партиянын) басма сөз катчысы Өмер Челик социалдык медиа эсебинен бөлүшүүсүндө,«Адам укуктарын коргой тургандар террористтик путчисттерди мыйзамдаштырууга аракет кылган докладга кол койгону уят. ФЕТӨ тезистери тизмеленген бул отчетто Түркияга карата айтылган бардык айыптарды четке кагабыз»,-деп жазды.

 



Тектеш кабарлар