Йылмаз менен Казына жана каржы министри Мехмет БАЭде жолугушууларды өткөрдү

Йылмаз менен Шимшек Бириккен Араб Эмираттарынын президенти шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайян менен жолугушту.

2003337
Йылмаз менен Казына жана каржы министри Мехмет БАЭде жолугушууларды өткөрдү

Вице-президент Жевдет Йылмаз менен казына жана каржы министри Мехмет Шимшек Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) болгон иш сапарынын алкагында (кечээ) президент шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайян менен жолугушту.

Жевдет Йылмаз менен Мехмет Шимшек, президент Режеп Таййип Эрдогандын БАЭге сапарынын алдында бир күндүк иш сапары менен борбор шаар Абу-Дабиге барышты.

Йылмаз менен Шимшек Бириккен Араб Эмираттарынын президенти шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайян менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштар жана экономикалык кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү каралды.

 



Тектеш кабарлар