Эрдогандын Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнүнө карата кайрылуусу

Президент Эрдоган 20-Июнь Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнүнө карата кайрылуусун жарыялады.

2002162
Эрдогандын Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнүнө карата кайрылуусу

Президент Режеп Таййип Эрдоган, ар дайым адамкерчилик жана коңшулук милдетин аткарган Түркиянын качкындардын мекенине аман-эсен, өз ыктыяры менен жана намыстуу кайтып келишине колдоо көрсөткөнүн жана бул үчүн керектүү долбоорлорду ишке ашырганын белгиледи.

Президент Эрдоган 20-Июнь Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнүнө карата кайрылуусун жарыялады.

Дүйнөнүн ар кайсы жеринде террор, кагылышуу, жарандык согуш, ачарчылык жана жакырлык сыяктуу себептерден улам адамдардын миграцияга аргасыз болгонун баса белгилеген Эрдоган:«Мыйзамсыз миграция жана качкындар маселеси боюнча биздин позициябыз – өлкөбүздүн коопсуздугу менен бирге адамдын өмүрүн жана кадыр-баркын коргоо. Кылымдар бою эч кандай дискриминация кылбастан куугунтуктан качкандардын жанында турган улутубуз Сириядан Украинага чейин аймагыбыздагы кризистерде дагы бир жолу ушундай абийирдүү позициясын көрсөттү. Ар дайым гуманитардык жана коңшулук милдетин аткарып жаткан Түркия, башпаанек издегендердин мекенине аман-эсен, ыктыярдуу жана ардактуу кайтып келишине колдоо көрсөтүүдө жана бул үчүн керектүү долбоорлорду ишке ашырууда»,-деди.

Батыш өлкөлөрүндө тамыр жайгандан кийин уулуу чырмоок сыяктуу башка коомдорго жайылып кеткен качкындарга каршы жек көрүү сөздөрүн, неонацисттик идеологияны, исламофобия жана ксенофобияны четке кагышкандарын баса белгилеген Эрдоган: «Биз өз расасына, маданиятынан жана ишениминен башка эч кимди адам катары эсептебеген бул оорулуу кыймылдарды адамдык баалуулуктарга жана адамзаттын жалпы келечегине коркунуч катары көрөбүз»,-деди.

Тарых бою цивилизациялардын бешиги болгон Жер Ортолук деңизинин акыркы жылдарда гиганттык качкындар көрүстөнүнө айланышында тамыры колонизатордуктан келген текебер ой жүгүртүүнүн чоң таасири болгонун баса белгилеген Эрдоган:«Өткөн жумада Эгей деңизинде жүздөгөн бейкүнөө адамдардын, негизинен балдардын өмүрүн алган гуманитардык трагедия мунун эң акыркы жана уяттуу мисалы болду»,-деп айтты.

Эрдоган, эл аралык коомчулуктун, өзгөчө адам укуктары жана демократия сабагын өзүнөн башкалардын баарына үйрөткөн өлкөлөрдүн эми жоопкерчиликти алышы керектигин белгиледи.

Президент качкындар маселесин миграцияны жана аргасыз жер которууну шарттаган шарттарды булакта жоюу менен чечсе болорун билдирди.



Тектеш кабарлар