ПКК террористтерине таандык ок-дарылар колго түшүрүлдү

Улуттук Коргоо министрлиги билдирүү жасады.

2001592
ПКК террористтерине таандык ок-дарылар колго түшүрүлдү

Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПКК террористтерине таандык ок-дарылар колго түшүрүлдү.

Улуттук Коргоо министрлигинин социалдык медиа аккаунтунан "Алардын уюктарына кирүүнү улантабыз" деген билдирүү жасалды.

Постто Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Ирактын түндүгүндөгү Хакурк аймагында жүргүзүлгөн издөө-тинтүү операциясында террористтерге таандык көп сандагы ок-дарылардын колго түшүрүлгөнү кабарланды. 

Билдирүүдө колго түшүрүлгөн буюмдар тууралуу маалымат берилди.

Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында да ПККга мүчө 2 террорист таасирсиз кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин жазуу түрүндөгү маалыматына караганда, «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында 2 ПКК террористи аныкталып жок кылынды.



Тектеш кабарлар