Эрдоган Түрк Кызылайынын 155 жылдыгына карата куттуктоо жарыялады
Түрк Кызылайынын 155 жылдыгы белгиленүүдө.
1998285
![Эрдоган Түрк Кызылайынын 155 жылдыгына карата куттуктоо жарыялады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/b369/f53a/47c0/646c5864c5073.jpg?time=1718863874)
Президент Режеп Таййип Эрдоган Түрк Кызылайынын түзүлгөндүгүнүн 155 жылдыгына карата куттуктоо жарыялады.
Президент Эрдоган социалдык медиа баракчасындагы куттуктоосунда: «Сүйүктүү улутубуздун өлкөбүздөгү жана дүйнөдөгү мээримдүү колу болгон Түрк Кызылайынын 155 жылдык мааракеси менен куттуктайм. Түркиянын кызыл жарым ай коому негизделгенден бери адамзатка жан-дили менен кызмат кылып келе жаткан бардык ыктыярчыларга ыраазычылык билдирем»,-деди.