Эрдогандын китеби Гайнутдинге берилди

Элчи Самсар Орусия Федерациясынын Мусулмандарынын Дин Башкармалыгында болуп, Гайнутдин менен жолугушту.

1996924
Эрдогандын китеби Гайнутдинге берилди

Президент Режеп Таййип Эрдогандын орус тилинде жарык көргөн «Адилеттүү дүйнө мүмкүн» аттуу китебин Түркиянын Москвадагы элчиси Мехмет Самсар Орусия Федерациясынын Мусулмандарынын Дин башкармалыгынын  жана Орусия муфтияттар кеңешинин төрагасы Равиль Гайнутдинге белек кылды.

Элчи Самсар Орусия Федерациясынын Мусулмандарынын Дин Башкармалыгында болуп, Гайнутдин менен жолугушту.

Эрдогандын китебин Гайнутдинге тапшырган Самсар, президенттин дагы адилеттүү, ырааттуу жана туруктуу тынчтыкты орнотуу үчүн Бириккен Улуттар Уюмунда (БУУ) кээ бир өзгөрүүлөрдүн жасалышы мүмкүн экенин ар бир мүмкүнчүлүктө айтканын эске салды. Самсар Эрдогандын бул идеяларды өзү китеп кылып чыгарганын, бул китептин орус тилине да которулганын билдирди.

Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин 2015-жылы Москва борбордук мечитинин ачылышын жасаганын эске салган Гайнутдин: «Орусиядагы 25 миллион мусулмандын атынан биз аны бул жакка чакырып жатабыз жана аны көргүбүз келет»,- деди.



Тектеш кабарлар