Эрдоган: «Нетаньяху геноцид ыкмалары менен Гитлерди да кызгандыра турган деңгээлге жетти»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Грециянын Kathimerini гезитине маек берди.

2138506
Эрдоган: «Нетаньяху геноцид ыкмалары менен Гитлерди да кызгандыра турган деңгээлге жетти»

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Нетаньяху алдыга койгон геноцид ыкмалары менен Гитлерди да кызгандыра турган деңгээлге жетти»,-деди.

Эрдоган Грециянын Kathimerini гезитине маек берди.

Газадагы окуяларга байланыштуу : «Газада кылгандары үчүн Израилди күнөөлөп, (Израилдин премьер-министри Биньямин) Нетаньяху мырзаны «замандагы Гитлерге» окшоштурасыз. Израиль жана Батыш өлкөлөрү террорчу деп эсептеген Хамасты «боштондук кыймылы» катары көрүп жатасыз. Түркиянын көз карашын түшүндүрүп бере аласызбы?» деген суроого Эрдоган: «Израилдин Газа калкына айлар бою кылгандарын карап, ар кандай шылтоолор менен Израилдин ооруканаларды бомбалоосун, балдарды өлтүрүүсүн, карапайым калкты кысымга алуусун, бейкүнөө адамдарды ачарчылыкка, суусуздукка жана дары-дармексиздикке мажбурлоосун мыйзамдуу көрүүгө болобу?  Гитлер өткөндө эмне кылган? Ал концлагерлерде адамдарды эзип, өлтүргөн. Газа 7-октябрдан кийин эле эмес, бир нече жылдар мурун да ачык асман астындагы абакка айланбады беле? Ал жердеги эл көп жылдар бою чектелген ресурстар менен дээрлик концлагердей болуп кармалбады беле? 7-октябрдан кийин Газадагы эң ырайымсыз жана системалуу массалык өлтүрүүлөр үчүн ким жооптуу? Элге «ал аймакка баргыла» деп, ал жерге бомба таштаган Израилди эмне деп атайсыз? Нетаньяху геноцид ыкмалары менен Гитлерди дагы кызгандыргыдай деңгээлге жетти»,-деп жооп берди.

Тез жардам унааларын бутага алган, азык-түлүк бөлүштүрүүчү пункттарды аткан, жардам кербендерин аткылаган Израилди сөз кылгандарын баса белгилеген Эрдоган: «Газада адамдардын жашоо укугунан баштап ондогон укуктары жана эркиндиктери тебеленүүдө. Биз алардын укуктарын коргойбуз. Биз тынчтыкты коргойбуз. Израиль болсо Бириккен Улуттардын Уюмунун резолюцияларын, эл аралык укукту жана адам укуктарын кенебестен бузууну улантууда. Ойлоп көрсөңүз, үйүңө бирөө келип “бул жер эми меники, кет” десе, кандай мамиле кылат элеңиз? «Менин үйүмө келип жаша» деп кол сунат белеңиз же үйүңүздү коргойсузбу? Мындай абалда сизден үйүңүздү коргоп, адилетсиздикке каршы туруу күтүлөт», - деп айтты.

Эрдоган Израилдин муну бир гана Газада эмес, бардык Палестина жерлеринде жасаганын баса белгилеп: «Аларды «отурукташкандар» деп аташкан террористтер үчүн палестиналыктардын үйлөрүн жана жерлерин тартып алды. Аларды палестиналыктардын үйлөрүнө жайгаштырды. Албетте, көп жылдарга созулган бул системалуу зулумга каршы палестиналыктар да кандайдыр бир учурда уюмдашып, каршылык көрсөтө башташты. Батыш террорчу деп белгилөөгө аракет кылып жаткан Хамас жана Палестинадагы башка каршылык көрсөтүү топтору негизинен бул зулумга болгон реакциядан жаралган»,-деп түшүндүрдү.

Хамастын Палестинада үйүн, жумуш ордун жана Израиль басып алган жерлерин коргогон адамдардан башка эч нерсе эмес экенин белгилеген Эрдоган: «Хамас эмнени каалайт? Израиль басып алган Палестина жерлерин кайтарып алуу жана алардын мамлекетин кайра жаратууну каалайт. 1967-жылдагы чек араларда борбор шаары Чыгыш Кудс болгон эгемендүү, көз карандысыз, географиялык бүтүндүккө ээ болгон Палестина мамлекети таанылса, анда бул жерде туруштук көрсөтүү үчүн  кырдаал түзүлөт беле? Анын үстүнө ХАМАС дагы эгер бул ишке ашса, куралдуу канатын таркатып, саясий партия катары ишин улантарын жарыялады. Эки мамлекетке негизделген чечим – туруктуу жана ырааттуу тынчтыкты камсыз кылуунун эффективдүү жолу», - деп өз баасын берди.

Президент Эрдоган: «Көрдүңөрбү, Хамас акыркы билдирүүсү менен ок атышпоого макул болду, бирок Израиль Газаны толугу менен басып алуу каалоосу үчүн шылтоолорду айтып, ок атышпоону каалабайт. Зулумдук жана кыргын уланууда. Биз чечүүчү жол үчүн аракетибизди улантып жатабыз. Израилди колдогондор бул окуялардын баарын кайра карап чыгып, тарыхый жоопкерчиликти түшүнүшү керек. Алар тынчтыкты жана бейпилдикти коргогон тарапта болушу керек»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар