Диярбакырда 3 террорист жок кылынды

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Твиттер баракчасынан маалымат берди.

1994724
Диярбакырда 3 террорист жок кылынды

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Эрен Хузур жаз-жай операциясынын алкагында Диярбакырда ПККга мүчө 3 террористтин жок кылынганын билдирди.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Твиттер баракчасынан жасаган билдирүүсүндө: «2023-жылдын 29-октябрында Түркиянын тоолорунда бир дагы террористти калтырбайбыз. Диярбакырдын Лиже элетинде J-SİHA, ANKA жана АТАК чабуул тик учарларынын колдоосу менен жүргүзүлгөн Эрен Хузур жаз -  жай операциясынын алкагында ПККнын 3 террористт, 1 M-16, 2 Калашников куралы менен өлүү колго түшүрүлдү. Баатыр жандармериябызды жана сакчыларыбызды куттуктайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар