Фахреттин Алтун Швецияда ПКК провокациясына каршылык көрсөттү

Президенттиктин  коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун Швецияда ПКК жикчил террордук уюмдун  жактоочуларынын провокацияларына каршылык көрсөттү.

1993055

Алтун соцтармактан кечээ кечинде ПКК террордук уюмунун  желегинин көрүнүшүн прожектор менен Швеция парламентинин имаратынын тышкы фасадына чагылдырышына байланыштуу маалымат берди.

Фахреттин Алтун англис тилинде жарыялаган билдирүүсүндө буларды айтты : "ПКК террордук уюмунун мүчөлөрүнүн (НАТО мүчөлүгүнө арыз берген) Швецияда эркин түрдө иш-аракеттерин улантуусу эч качан кабыл алынбайт. Кечээ кечинде Швеция парламентине ПККнын желеги прожектор жарыгы менен жарыктандырылды.  Швеция бийлиги бул окуяны иликтеп, жооптууларды жоопко тартуусун жана өздөрүн  (Европа Биримдиги да террордук уюм катары кабыл алган) ПККнын мүчөсү деп тааныштырган адамдардын Швециянын жеринде иш алып баруусуна тоскоол болушун күтөбүз. 1-июндагы күчүнө кире турган жаңы террор менен күрөшүү аткарылат деп ойлойбуз.  Швеция мекемелери Түркиянын сезимталдуулугуна олуттуу мамиле кылууну ойлосо ПКК мүчөлөрүнүн  4 -  июнда өткөрө турган митингине тоскоол болууга мажбур».

Тектеш кабарлар