Президент Эрдоган Сиваста сөз сүйлөдү

Эрдоган: "Жогорку ылдамдыктагы поезддин ыңгайлуулугун башка шаарларыбызга чейин алып барабыз"

1990016
Президент Эрдоган Сиваста сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Азербайжандык боордошторубуз менен транспорт инфраструктурабызды өнүктүрөбүз»,-деп айтты.

Эрдоган кечээ Сивастагы сөз сүйлөөсүндө: «Жогорку ылдамдыктагы поезддин ыңгайлуулугун башка шаарларыбызга чейин алып барабыз. Ошондой эле Йеркөй станциясынан Кайсериге байланыш линиясын курабыз. Бул линияны Эрзинжан, Эрзурум жана Карска чейин кеңейтебиз. Буюрса ал жерден да  Баку-Тбилиси линиясына байланыштырабыз»,-деди.

«Темир Жибек жолу» деп аталган бул линия менен аймакка дүйнөлүк мааниге ээ стратегиялык дем түтүгүн ача тургандарын белгилеген Эрдоган: «Башкача айтканда Лондондон чыккан адам биздин өлкө аркылуу Пекинге чейин бара алат. Албетте мунун баарын азербайжандык боордошторубуз менен бирге жасайбыз. 30 жылдык оккупациядан кийин Карабакты биргелешип бошоткон сыяктуу, курган куурлар аркылуу Түркияны чыгыш менен батыштын ортосунда энергия борбору кылганыбыз сыяктуу, экономикадан коргоо өнөр жайына, соодадан маданиятка чейин ар тармакта кызматташуубузду күчтөндүргөн сыяктуу азербайжандык боордошторубуз менен да транспорт инфраструктурабызды өнүктүрөбүз»,-деди.



Тектеш кабарлар