Чавушоглу: «Армениянын катасын оңдоосун күтөбүз»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Антальяда билдирүү жасады.

1989873
Чавушоглу: «Армениянын катасын оңдоосун күтөбүз»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Арменияда ачылган Немесис эстелигине байланыштуу: «Арменияда биздин аскерлерди жана дипломаттарды шейит кылган террористтерге эстелик тургузушу кабыл алынгыс кадам болгон. Армениянын бул катасын азыр оңдоосун күтөбүз»,-деди.

Чавушоглу Антальяда билдирүү жасап: «Арменияда өткөндө азербайжандык боордошторубузду, Осмон доорунда аскерлерибизди жана дипломаттарыбызды шейит кылган террористтерге айкелдин тургузулушу кабыл алынгыс кадам болгон»,-деди.

Министр Чавушоглу мындай деди: «Биз да кээ бир чараларды көрдүк, аба мейкиндигибизди үчүнчү өлкөлөргө учактар ​​үчүн жаптык. Армениянын бул катасын азыр оңдоосун күтөбүз. Биз Арменияга эч кандай алдын ала шарт койгон жокпуз. «Бул жасалма геноцид дооматтарынан баш тарткыла, ушундай кадамга барабыз» деп айткан жокпуз. Алар бизге шарт коё албайт. «Сиз да муну тааныйсыз» деген сыяктуу.

Анткени, террористтердин айкелин орнотуу – кабыл алынгыс кадам. Бул багытта биз дагы кээ бир каршы кадамдарды жасадык. Эгер алар аны оңдобосо, биз дагы каршы кадамдарды жасайбыз. Бирок бул жерде туруктуу тынчтык үчүн Армения да чынчыл болушу керек. Лачын коридорундагы провокациялардан баш тартуусу керек. Карабахка мыйзамсыз жол менен аскер же курал жөнөтүү сыяктуу иш-аракеттерден жана провокациялардан баш тартуу керек».



Тектеш кабарлар